Беларусь өлкөсүндө президенттик шайлоого ат салышкан экс-кандидат Светлана Тихановская "Time" журналынын версиясы боюнча дүйнөнүн эң мыкты 100 жаш лидердин катарына кирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
"Тизмеден орун алган лидерлер тарыхый жетишкендиктердин алдында турушат. Алардын көпчүлүгү факты боюнча жетишкендиктерди жасашкан",- деген "Time" журналынын редактору Дэн Маскаи.
2020-жылдын 9-августта Беларуста президенттик шайлоого Светлана Тихановская катышкан. Шайлоого 5 талапкер Александр Лукашенко, Светлана Тихановская, Андрей Дмитриев, Анна Канопацкая, Сергей Черечен ат салышкан. Ал эми болуп өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңип чыккан.