Орусиянын Билим берүү министрлигинин "Чет өлкөдөгү орус мугалими" аталышындагы долбоорунун алкагында мугалимдердин делегациясы Ош шаарына келди. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул долбоор Кыргыз өлкөсүндө 2017-2019-окуу жылында башталган. Алгачкы жолу 17 мугалим орус тили жана адабияты, математика сабактары боюнча башталгыч класстарга билим берүү үчүн Ош шаарына келишкен.
"Ал эми 2020-2021-окуу жылында мугалимдердин саны 29га чейин жетти. Окуу жылынын башында Ош шаарындагы мектептерге мугалимдер бөлүнүп берилген, бирок карантинге байланыштуу сабактар онлайн режиминде өткөрүлүп жаткан. Эпидемиологиялык кырдаал жакшыргандан кийин окутууну улантууга мүмкүнчүлүк түзүлүп мугалимдер Ош шаарына келди. Учурда эки тараптын Билим берүү министрлиги орус мугалимдеринин тобун республиканын түндүк аймактарына жана Бишкек шаарына жөнөтүү маселесин карап жатышат", - деп билдиришти элчиликтен.