УКМК: "Ош ЖЭБинде коррупциялык схема аныкталды"

Ош жылуулук электр борборунда коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен маалымдашты.

Маалыматта жазылгандай, Ош шаарынын ЖЭБинин жетекчилиги, коммерциялык объектилердин ээлери менен алдын-ала сүйлөшүп алып, атап айтканда менчик мончолор, спорт залдар, медициналык клиникалар, ошондой эле көп кабаттуу турак-жайларды жылуулук менен жабдуу тутумдарына техникалык туташуу эрежелерин бузуу менен капиталдык курулуш объектилеринин техникалык параметрлерин эске албастан, ЖЭБге мыйзамсыз байланыштырышкан.

Бул коррупциялык схемадан өлкө бюджетине ири өлчөмдө зыян келтирилген.

УКМК Ош шаарындагы ЖЭБге коммерциялык кыймылсыз мүлк объектилерин мыйзамсыз кошуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан