Социалдык тармактарга Финансы полициясынын башчысы Сыймык Жапыкеевдин катышуусундагы видео тарады. Андан Жапыкеев дасторкондо отургандарга жашыруун маалыматтар менен бөлүшүп турууну өтүнүп, сүйлөп жатканын көрүүгө болот.
Видеодо көрүнгөндөй, Жапыкеев анда "маалыматтарды айтып турсаңар, биз дароо барып баса калалы, эми силерде дагы деле маалыматтар бар да" деген.
Анын сөзүнө дасторкон четинде отурган белгисиз жаран "бөлүшүп турсаңар эле, маалымат берип турабыз. Бизде бардык аткаминерлерге жана 120 чимкирикке тиешелүү маалыматтар бар", - деп жооп берген.
Видео боюнча сураганыбызда, мекеме комментарий берүүдөн баш тартып, жакында бул боюнча жооп боло турганын билдирди.