Сауд Арабиясына кар жаап, төөлөр "нес" абалда калды (видео)

Сауд Арабиянын түндүгүндө жайгашкан Жабал эль-Лауз тоолуу аймагына кар түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Интернет беттерине жергиликтүү тургундар кар жаап жаткан учурдагы сүрөт жана видеолорду жарыялап жатышат. Алар кар жааганынын урматына тоолордо мелдештерди уюштуруп, чана жана лыжаларды ижарага беришкен. Ал эми балдар кар менен ойношкон.

Башкалардан айырмаланып, бул табигат кубулушуна реакция билдирбеген төөлөр гана болгон. Алар кар жааганын алгач көргөндүктөн, бул учурга "нес" болгонун жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.

Бирок жаныбарлар мындай стрессти татыктуу көтөрүп, жөн гана кыймылдабай, кардын жаап бүтүшүн күтүп жатышканы айтылат маалыматта.

Сауд Аравиясына кар жаады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Gabiku
2021-02-19 18:05:38
Ал жакта бирде экиде кар жаабаса, төө эмес адам деле нес болот да
+4
nazira...
2021-02-19 20:49:19
Төөлөрдү кардан тосуп жылуурак тамга киргизип коюшпайбы, катуу жаап жатат каар. Же үстүно.бирдеме жаап койсо болмок.
0
aslan_akjol89
2021-02-20 15:13:16
nazira...,жылуурак там бар дейсинби ал жакта?)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан