"Электр станциялар" АККда жетекчилик алмашты

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору болуп Талайбек Бектенов дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим "Электр станциялар" АККнын директорлор кеңешинде кабыл алынды.

Буга чейин аталган кызматты Жолдошбек Ачикеев ээлеп келген. Ал кызматынан 2021-жылдын 1-февралында өз арызынын негизинде бошотулган.

Талайбек Бектенов соңку беш жыл аралыгында электр тармагында эмгектенген. 2020-жылдын 24-январдан баштап "Электр станциялар" АККнын башкы директорунун биринчи орун басары кызматын аркалап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан