реклама
super.kg logo
реклама

"Дарылардын өтө кымбаттыгына, айрым талаптарга нааразыбыз" дейт ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери

 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери акыйкатчы Токон Мамытовго көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен келишти. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, алар мамлекеттен турак жайларды жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала албай, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарына дары-дармектерди арзандатылган баада сатып ала албай кыйналып жаткандарын айтып даттанышты.

"Акыл-эсинин өсүүсү кечеңдеген же артта калган балдарга керектүү дары-дармектер өтө кымбат. Мындан тышкары ата-энелер ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды майыптыгы үчүн текшерүүдөн эки жыл сайын өтүшү керек болгон талаптарга нааразы экендигин билдиришти. Себеби бул ири каржылык чыгымдарды талап кылат. Ошондой эле балдарды атайын мектепке чейинки жана билим берүү мекемелерине жайгаштыруу өтө кыйын болуп жаткандыгына нааразы болушту. Анткени билим берүү жайларындагы орундардын саны өтө эле чектелүү", - деп билдиришкен ата-энелер.

Акыйкатчынын пикиринде, 2019-жылы Кыргыз өлкөсүнүн ратификациялаган Бириккен улуттар уюмунун "Майыптардын укуктары жөнүндө" конвенциясы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ушул жана башка көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.

2019-жылдын 1-январына карата 181 миң 400 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам каттоодо турса, анын 29 миң 900ү балдар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
162815;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: