Укук коргоочуларга балдарды мектептерге электрондук кабыл алуу боюнча 200дөн ашуун арыздар келип түштү
“Балдардын укугун коргоочулар лигасы” коомдук фондуна бир нече күндүн ичинде балдарын мектепке каттай албай жаткан ата-энелерден 200дөн ашык арыз келип түштү. Бул тууралуу аталган фонддун жетекчиси Назгүл Турдубекова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, мектеп директорлору электрондук базаны шылтоо кылып ата-энелерди кабыл алышпайт.
"Маселени чечүү үчүн Бишкек шаарынын ар бир райондук билим берүү бөлүмдөрүнө комиссия түзүп, бардык ата-энелерди кабыл алып, электрондук системге кирбегенине карабастан каттоодон өткөрүү керек. 2021-жылы электрондук мектепке кабыл алуу системи 2020-жылга караганда начар иштей баштады", - дейт ал.
Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта, Токмок шаарларынынын мектептерине 1-класска балдарды электрондук каттоо аркылуу кабыл алуу башталды. Электрондук каттоо канча этап менен өткөрүлөт, кандай документтер керектелет? Бул боюнча SUPER.KG порталына жазылган.
