реклама
super.kg logo
реклама

"Медициналык окуу жайлардын айланасындагы маселе чечилди". Билим берүү министри Пакистанга иш сапары менен барып келди

 
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистан медициналык комиссиясынын президенти Аршад Таки менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кыргыз мамлекетиндеги медициналык окуу жайлардын айланасындагы маселе чечилди. "Өлкөдөгү медициналык окуу жайлар Пакистан медициналык комиссиясынын А, В жана С тизмелеринде орун алып, аларды бүтүргөн Пакистандын жарандары медициналык комиссиянын сынактарына тоскоолдуксуз кире турган болушту. Ал эми жаңы ачылган медициналык окуу жайлар министрдин талабы менен өзүнчө тизмеге киргизилет. Жогорудагы тизмелердеги медициналык окуу жайлардын баарына Пакистандын жарандары эч кандай тоскоолдуксуз тапшыра алышат. Муну менен катар эки тараптын ортосундагы айырмачылыктардан улам чыккан маселелер комплекстүү каралып, Билим берүү жана илим министрлигинин койгон талаптарына ылайык чечилди", - деп жазылат маалыматта.
Пакистандагы иш сапарынын алкагында Алмазбек Бейшеналиев Жогорку билим берүү боюнча комиссиянын төрагасы Тарик Банури менен жолугушуп, Кыргыз-Пакистан илимий фондун түзүү тууралуу макулдашты.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министри Федералдык жана кесиптик билим берүү министри Шафкат Мехмуд менен жолугушту.
Алмазбек Бейшеналиев Пакистандын саламаттык сактоо министри Файсал Султан менен жолугуп, Кыргыз мамлекетинде окуп жаткан пакистандык студенттер тууралуу маек курду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
22.02.2021. 02:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
442
Катталган:
13-06-2016
Соӊку аракети:
07-03-2021 15:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул пактар келип окубай эле койсо жакшы болмок олло тажадым тегерегибиз асту устунку кабатта жашашат биринчи эле таракандан арылбай койдук экинчи тынчтык беришпейт ичип чегип чуу салып милиция чакырсанла толк жок туну мн лифт тынбайт кочодон баштары кирбейт кумурскадай эле кирип чыгып танга чейин тынчтык жок дикий эле калк экенда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
162815;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: