Депутат "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген куткаруучусу" деген ардак наамын калыбына келтирүүнү сунуштады
Депутат Нурбек Сыдыгалиев "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген куткаруучусу" деген ардак наамын калыбына келтирүүнү сунуштады. Бул тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
"Адам өмүрүн сактоо – жогорку кесипкөйлүктү жана эрдикти талап кылган жооптуу, өтө татаал жана кооптуу жумуш. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, табигый кырсыктарга, техногендик аварияларга жана бүлгүндөргө каршы туруу, ар дайым адамдарга жардамга келүүгө даяр туруу сыяктуу татаал ишти аркалаган куткаруучулар өз тажрыйбасын жана кесипкөйлүгүн колдонуу менен, министрликтин оор милдеттерин ишке ашырып келишет.
Коронавирус илдетинин эпидемиясына каршы күрөшүү учурунда да ӨКМнын бөлүмдөрү жогорку жоопкерчилик менен ат көтөргүс милдеттерди ишке ашырышты. Ушундан улам, министрликтин кызматкерлеринин жалпы ишмердиги, алардын бай турмуштук тажрыйбасы жана кесипкөйлүгү бир жалпы максатты аткарууга багытталган, ал – калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо экендигине жыйынтык чыгарса болот", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” мыйзамын кабыл алуу менен “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген куткаруучусу” деген ардак наамы алынып салынган.
Бул мыйзам долбоору 18-февралдан тарта коомдук талкууга коюлду.


1 |