Президенттик аппаратта мунайды кайра иштетүү тармагындагы инвестициялык саясат боюнча кеңешме өттү




Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев мунайды кайра иштетүү тармагындагы инвестициялык саясат боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин инвестиция тартуу маселеси боюнча кеңешчиси Марат Турсунбеков, инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов катышты.
Кеңешмеде учурдагы экологиялык жана жогорку даражадагы заманбап техникалык талаптарды эске алуу менен ЕАЭБдеги мүчөлүк милдеттенмелерди аткаруу багытында мунайдын кайра иштетүү технологияларын тереңдетүү муктаждыгы айтылды.
Катышуучулардын назарына немец технологиясындагы жабдууну колдонуу максаты коюлган инвестициялык долбоор презентацияланды. Долбоордун демилгечиси, "Темирлан-Ойл" ачык акционердик коомунун башкы директору Мухит Оразбаев Кумкөл (Казакстан) мунай кенинин чийки затында негизделген кайра иштетүүчү заводду Талас облусунун "Маймак" эркин экономикалык аймагында жайгаштырууну сунуштады.
Медербек Сатыев Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө, жумуш орундары менен камсыздоого салым кошо турган инвесторлордун укуктарын коргоого мамлекет тарабынан кепилдик берилерин, мыйзам алкагында иштөө ниети бар инвесторлорго ар дайым колдоо көрсөтүлөрүн баса белгиледи.
Тараптар мунай өндүрүү технологиясынын деңгээлин көтөрүү боюнча инвестициялык саясатка канааттандырарлык деген баа беришип, инвестициялоо шарттарын мындан ары өркүндөтүү боюнча бир пикирге келишти.



1 |