Өлкөнүн жогорку кесиптик окуу жайларында билим алышкандардын 29 пайызга жакынын чет мамлекеттин студенттери түздү
Өлкөнүн жогорку кесиптик окуу жайларында билим алышкандардын 29 пайызга жакынын чет мамлекеттин студенттери түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-2021-окуу жылынын башталышына карата республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында 63 миңден ашуун чет элдик студенттер билим алышты.
"Басымдуу бөлүгү - 44 миңге жакыны КМШ өлкөлөрүнөн келген студенттер, алардын саны беш жыл аралыгында 5,4 эсеге көбөйгөн. Муну менен бирге Өзбекстандан келген студенттердин саны кыйла өстү, окуп жаткандардын жалпы санынын үлүшү 7 пайыздан 86 пайызга чейин көбөйгөн.
Ошол эле убакта 2016-2017- окуу жылынын башталышына салыштырмалуу Казахстандан келген студенттердин үлүшү тескерисинче, 57 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөгөн. Окуп жаткандардын санынын өсүү тенденциясы КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген студенттердин арасында да байкалууда, алардын үлүшү өткөн беш жылда 6 миңден 19 миң адамга же 3 эсеге көбөйдү. Муну менен бирге Индиядан келген студенттердин үлүшү бул мезгил ичинде 73 пайыздан 63 пайызга чейин төмөндөгөн болсо, ал эми Пакистандан келген студенттердин үлүшү тескерисинче 6 пайыздан 31 пайызга чейин көбөйгөн", - деп жазылат маалыматта.
