реклама
super.kg logo
реклама

Премьер-министр калкты тейлөө борборлорунун бирине пландан тышкаркы текшерүү менен барды

 

Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарындагы Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу калкты тейлөө борборлорунун бирине пландан тышкаркы текшерүү менен барды.

Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышууда өкмөт жетекчиси белгилегендей, жакын арада Бишкек шаарынын борборунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылат жана ал мурдагы «Эльдорадо» соода борборунун имаратында жайгашат.

Белгилесек, аталган соода борборунун имараты буга дейре мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилген. Кызматкерлер такталып, тийиштүү жабдуулар орнотулган соң, мында жаңы калкты тейлөө борбору ачылып, Ички иштер министрлигинин жана Коргоо министрлигинин линиясы боюнча бардык маалымдамалар берилип, кеңири кызмат көрсөтүлмөкчү.

Аталган Калкты тейлөө борборуна барууда премьер-министр Бишкек шаарында жана жалпы республика боюнча тейлөө борборлорунун санын жогорулатууну, ошондой эле бардык калкты тейлөө борборлорунда кезек күтүүчү жарандардын ыңгайлуулугу үчүн шарттарды жакшыртууну жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатууну тапшырды.

Мындан тышкары, тейлөө борборлорунун жетекчилигине жеке кабинеттерди «open space» (ачык типтеги кеңсе) форматында долбоорлоо тапшырылды, натыйжада, кызматкерлердин кардарлар менен иш алып баруусун көрүп турууга жана ар-кандай кырдаалга карата ыкчам жооп кайтарууга мүмкүндүк түзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
162815;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: