реклама
super.kg logo

Тоң районундагы мектепте заманбап күнөскана ачылды

 

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Эшперов айылындагы Догдуров атындагы мектебинде мектеп ашканасын жашылчалар менен камсыз кылууга багытталган пилоттук демилге менен мектептин күнөсканасы иштей баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектеп күнөскананы балдарды органикалык түрдө өстүрүлгөн жашылча-жемиштер менен суук мезгилдерде да камсыздоо үчүн колдонулат.

"Бул демилге республиканын бардык башталгыч мектептеринде техникалык потенциалды жогорулатуу жана аш болумдуу тамак-аштын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт.

Күнөскана күндүн энергиясын максималдуу пайдаланган заманбап технологияларды колдонуу менен курулган. Энергияны үнөмдөөчү долбоорлор каржылык жактан гана натыйжалуу болбостон экологиялык туруктуулук үчүн да маанилүү.

Аталган пилоттук долбоор Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы мектептердеги тамактандырууну оптималдаштыруу боюнча улуттук программанын алкагында ишке ашты. Күнөскананы ишке киргизүү Ысык-Көл аймактык өнүктүрүү Фонду, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) жана Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс Интернешнлдин өнөктөштүгүнүн аркасында мүмкүн болду", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.02.2021. 03:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
424
Катталган:
31-03-2016
Соӊку аракети:
07-03-2021 15:23
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
162815;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: