Жогорку Кеңештин комитетинде согушта курман болгон жоокерлердин жакындарына каржылык колдоо көрсөтүү боюнча мыйзам долбоору каралды

Жогорку Кеңештин комитетинде согушта курман болгон жоокерлердин жакындарына каржылык колдоо көрсөтүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Демилгечилердин бири Наталья Никитенконун айтымында, акыркы учурларда Улуу Ата Мекендик согушта дареги дайынсыз болгон жоокерлердин мүрзөсү табылууда. "Мамлекет тарабынан согушта курман болгон жоокерлердин жакындарына каржылык жардам берилүүгө тийиш. Өкмөт жылга белгилүү бир өлчөмдө каражат карап турса, бул маселе чечилмек", - деди ал.

Депутат Сайдулла Нышанов Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон бир дагы мекендешибиз унутта калбоого тийиш экенин белгиледи. "Бул мыйзам долбоорунун кийинки муундар үчүн таалим-тарбиялык ролу да зор. Анчалык деле көп каражат кетпейт. Өкмөт кошумча каржы булагын табышы керек", - деп кошумчалады депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан