реклама
super.kg logo

Бул окуу жылында педагог кесибине студенттер арасында суроо-талап жогору болду

 

Бул окуу жылында педагог кесибине студенттер арасында суроо-талап жогору болду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Бул окуу жылынын башына карата республикада 138 орто кесиптик билим берүү мекемеси иш алып барды, анда 96 миңге жакын адам билим алат, алардын жарымынан көбүн (56 пайызын) кыздар түздү.

2020-2021-окуу жылында орто кесиптик окуу жайларына тапшыргандардын арасында эң популярдуу адистиктер билим берүү болуп саналды. Жалпы кабыл алынгандардын 26 пайызы, саламаттыкты сактоого – 18 пайыз, экономика жана менеджмент – 14 пайыз, техникалык адистиктерге – 13 пайыз кабыл алынды.

2016-2017-окуу жылына салыштырмалуу кабыл алынгандардын санынын эң көп өсүшү информатика жана компьютердик технологиялар (49 пайыз) жана билим берүү (21 пайыз) адистиктеринде байкалган, ал эми айыл чарба жана балык чарбасы 2 эсеге, экономика жана башкаруу дээрлик 17 пайызга кыскарган.

Окуу жылынын башында республикада 57 жогорку кесиптик окуу жайлары иштеди. Аларда 214 миңден ашык адам окуйт, анда окугандардын жарымынан көбү (52 пайызы) кыздардын үлүшүнө туура келет.

Жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттеринин арасында абдан көп суроо-талап болгон жак, бул педагогикалык илимдер кабыл алынгандардын жалпы санынын 24 пайыз, гуманитардык жана социалдык адистиги боюнча - 23 пайыз, медициналык - 15 пайыз, экономикалык – 12 пайыз жана техникалык адистиктер боюнча – 11 пайыз талап кылынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
162815;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: