реклама
super.kg logo
реклама

Пакистанда согушкерлер тарабынан активист аялдар өлтүрүлдү

 

Кечээ, 22-февралда согушкерлер деп шектелген топ Пакистандын Ооганстан менен чектешкен мурдагы батыш уруу аймагындагы бейөкмөт уюмдардын кызматкерлерин ташып бараткан унаага буктурма жасап, төрт аялды өлтүрүп, айдоочуну жарадар кылды. Бул тууралуу жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кол салуу Түндүк Вазиристан аймагында болгонун жергиликтүү полиция кызматкери Икбал Хан билдирген. Райондук полициянын башчысы Шафиулла Хан дагы кол салууну тастыктап, полиция кол салгандардын изин суутпай издөө иштерин баштаганын билдирди. Алар жакынкы тоолорго качып кетишкен.

Жабыркагандар Пакистандагы кайрымдуулук уюмдардын биринде иштеген активист аялдар, алар ишкердикке кызыккан аялдарды окутуп, өз укуктарын билүүгө жардам берип келишкен.

Кол салуу пакистандык укук коргоочулардын социалдык тармактарда нааразычылыгын жаратып, көпчүлүк күнөөлүүлөргө тезинен чара көрүүгө чакырышты.

Полициянын айтымында, согушкерлер алдын-ала билдирүү алып, аялдардын келишин күтүп жатышкан. Пакистандын согушкерлери акыркы айларда аймактагы ишмердүүлүгүн күчөтүп, мурдагы Талибан таяныч аймагында кайрадан топтолуп жатышат деп чочулап жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
23.02.2021. 10:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
506
Катталган:
22-10-2017
Соӊку аракети:
08-03-2021 12:40
Жынысы:
Белгисиз
+5
Афганистан, Пакистан олколордо аял болуп жашоо отоо оор. Коомдук мамилелер диний адептер аркылуу жонго салынган. Аялдарга карата ашыкча тыю салына берет. Эркек баланы аялдардын эркин баалулуктарын жек корууго угуттоп турушат. Аялдын эркиндигин басмырлаган эл эч качан толук кандуу онукпойт.
23.02.2021. 17:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
04-10-2017
Соӊку аракети:
08-03-2021 12:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirlan27011987,сен Озун онугуп жатасынбы деги!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
162815;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: