Интернет беттерине Садыр Жапаровго окшош жигиттин сүрөтү тарады. Сүрөттөгү мырза ким? (сүрөт)




Интернет беттерине президент Садыр Жапаровго окшош жигиттин сүрөтү тарап, ал учурда колдонуучулар тарабынан кызуу талкууланууда.
Айрым колдонуучулар сүрөттөгү мырзанын президентке куюп койгондой окшош экендигин жазышса, айрымдары "Садыр Жапаровдун жаш кези го" деген сыяктуу билдирүүлөрүн жазып калтырышкан.
Ал арада СЭЗдин башчысы Кудрет Тайчабаров өзүнүн фейсбук баракчасына сүрөттөгү жигиттин казак экендигин жазып, Жапаровдун жаш кези дегендердин пикирин четке какты.
"Эч кандай жаш кези эмес эле окшош жигит. 28 жаштагы бала. Байдилда Аскар Талгатович. Садыр Нургожоевичтин чоң уулу менен тең бала экен. Балдар дарыгери болуп иштейт. Бишкекте жашаган казак жигити. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ортопедия бөлүмүн бүтүргөн",- деп жазган Тайчабаров.
Байдилда Аскар Талгатович аттуу жаранды социалдык тармактардан издеп тапкан жокпуз, бирок Медициналык академиянын неврология бөлүмүндө окуган студенттердин тизмесинен аты-жөнүн таба алдык.









1 |