Tesla жана SpaceX'тин башчысы Илон Маск бир күндө 15 миллиард долларын жоготуп, дүйнөдөгү эң бай адам статусунан айрылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Tesla'нын акцияларынын 8,6 пайызга кыйрашынан улам ишкердин байлыгы 183 миллиард долларга түшкөн. Буга ишкердин биткоиндин баасы боюнча берген комментарийи себеп болушу мүмкүн экени белгиленди. 20-февралда ал твит жарыялаган, анда биткоин жана эфириум криптовалюталарына баалар жогорулатылган деңгээлде деген пикирин билдирген.
Ал кошумчалагандай, ар кандай маалымат тутуму сыяктуу эле криптовалюталар да каталарга дуушар болушат. Ошол эле учурда билдирүү жарыяланганга чейин эки жума мурун Tesla 1,5 миллиард долларга биткоиндерди сатып алгандыгын жарыялаган.
Буга чейин Илон Маск 19-февралда дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде биринчи ордун калыбына келтирген. Андан кийин ишкердин байлыгы 199,9 миллиард долларга чейин көбөйгөнү маалым болду. Учурда аны Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос басып өттү, анын байлыгы 186 миллиард долларга бааланган.