Франциялык белгилүү актёр Жерар Депардье зордуктоого жана сексуалдык зомбулук жасоого айыпталганы айтылды. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, актёрго айыбы өткөн жылдын 16-декабрында угузулган.
Белгилүү болгондой, доогер 22 жаштагы актриса. Ал Жерар Депардьени 2018-жылы жайында зордуктаганга жана сексуалдык зомбулук жасаганга айыптаган.
Бул боюнча тергөө башталган. Бирок кылмыштын курамы жок делинип иш 2019-жылы токтотулган. Ал эми актёр дагы айыптоолорду четке каккан. Бирок актриса кайрадан арыз жазып, өткөн жылдын октябрь айында тергөө башталган.