Белгилүү футболчу Эрлинг Холанд Хабиб Нурмагомедовго футболкасын белек кылды

Германиянын "Боруссия Дортмунд" командасынын норвегиялык белгилүү чабуулчусу Эрлинг Холанд UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедовго футболкасын белек кылды. Мындай маалыматты мушкер өзүнүн Инстаграмындагы "Stories" бөлүмүнө жарыялады.

Нурмагомедов билдирүүдө футболчуну белгилеп "Чоң рахмат", - деп жазды.

Хабиб Нурмагомедов учурда салмак категориясына карабастан UFC мушкерлеринин рейтингинде биринчи орунда турат. Ал 2020-жылдын 24-октябрында Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде америкалык мушкер Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан