25-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
26-февралда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас облусунда жаан-чачын болбойт.
26-февралда күндүз жана 27-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
27-февралда күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы мүмкүн, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
28-февралда жана 1-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 25-февралда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.