Бүгүн, 25-февралда Бишкектеги
Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада белгилүү илимпоз
Кусейин Карасаевге арналган "Кылымдарга тете из калтырган залкар" аттуу китеп көргөзмө өтөт.
Иш-чара бүгүн саат 14:00дө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Кыргыз-Түрк адабият борборунун Чыңгыз Айтматов атындагы залында ачылат.
Түрколог, лексиколог, окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясы уюштуруп жатат.
Кусейин Карасаев 1901-жылдын 5-январында азыркы Түп районунун Кең-Суу айылында орто чарба үй-бүлѳдѳ тѳрѳлгѳн.
Ал кыргыз совет тилчиси, улуттук туңгуч лексикограф жана лексиколог, филология илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер болгон.