Ошто эки мектеп окуучусун бычактаганга шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда эки мектеп окуучусун бычактаганга шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-февралда Ош шаардык ооруканасынан Ош ШИИБине аталган ооруканага 2 өспүрүм денесинен жаракат алып түшкөндүгү тууралуу кабар келип түшкөн. Жабырлануучулар 2004-жылы туулган, Ош шаарынын Панфилов атындагы орто мектептин окуучулары болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Окуя аталган мектептин жанында болгон. Ушул эле күнү бул кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Х.И. аттуу өспүрүм кармалды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, шектүү жана жабырлануучулар мурдатан көз тааныш болушкан.

22-февраль күнү болжол менен саат 13.00 чамасында өз ара чыры жана кайым айтышуулар бири-бирин жөөлөшүп кетүүдөн чыккан. Натыйжада шектүү жанындагы миздүү буюм менен жабырлануучуларды сайып жиберген.

Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда ар тараптуу иликтөө иштери уланууда. Шектүүнүн жашы жете электиги эске алынып, үй камагына чыгарылган. Жабырлануучулардын жаракаты жеӊил болгондуктан тез медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө чыгарылган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан