SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына атын атагысы келбеген окурман "жергиликтүү эл жумушу жок отурса Токтогул ГЭСин реконструкциялоого 70тей Тажик жараны иштегени келди" деп билдирген.
Кайрылган жаран реконструкциялоого "эмне үчүн жергиликтүү тургундарды алышпайт" деп нааразычылыгын айткан.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Электр станциялары" ААКсына байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.
"Субподрядчик ишти ийгиликтүү аткаруу үчүн квалификациялуу деп эсептеген кишилерди жалдайт. Эгер эки талапкер тең бирдей квалификацияга ээ болсо, анда жергиликтүү талапкер артыкчылыкка ээ болот.
Долбоордун негизги маселеси кыргыз электр тутумунун негизи эсептелген Токтогул ГЭСин реабилитациялоону ийгиликтүү ишке ашыруу болуп саналарын белгилеп кетебиз. Жергиликтүү адистердин алардын жогорку квалификациялык шартында ГЭСте иштөөгө болгон умтулуусун биз колдойбуз.
Өз мезгилинде бул ГЭС бүткүл союздук курулуш болуп жарыяланган жана анын курулуш иштерине көптөгөн улуттардын жана республикалардын адистери катышкан. Жергиликтүү бийлик Токтогул ГЭСине жаңы жумушчу орундарды түзүү жолу менен жаштарды иш менен камсыздап, ишке тартуу үчүн бардык аракетин жумшайт деп ишенебиз", - деп билдирди басма сөз кызматынан.