Коронавирусту изилдеп жаткан лабораторияга хакердик чабуул жасалды

Белгисиз хакерлер тобу коронавирус боюнча изилдөө жүргүзүп жаткан Оксфорд университетинин структуралык биология бөлүмүнүн Струби лабораториясынын компьютердик тутумун бузуп киришкен. Бул тууралуу университеттин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, университеттин өкүлдөрү окуяны Улуттук кибер коопсуздук борборуна билдирип, алар хакердик чабуулду иликтөөгө киришкен.

"Биз көйгөйдү аныктап, изоляцияга алдык, эми кошумча иликтөө иштерин жүргүзүп жатабыз", - деп университеттен билдиришкен.

Окуя университетте жүргүзүлүп жаткан клиникалык изилдөөлөргө таасирин тийгизген эмес, анткени Струби лабораториясынын бул тармакка тиешеси жок.

Журналисттер белгисиз хакерлер тобу Струбиден уурдалган маалыматтарды сатууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөндөн кийин комментарий алуу үчүн университетке кайрылган. Хакердик фактыны тастыктоо үчүн хакерлер компьютердин экранынын скриншотторун сунушташкан, анда маалыматтар базасы жана электрондук почтанын архиви, ошондой эле лабораториялык жабдыктардын иштешин көзөмөлдөгөн программанын интерфейси көрсөтүлгөн.

Сүрөттөр 13 жана 14-февраль күндөрү тартылганы белгилүү болду. Коронавирустун молекулярдык түзүлүшү жөнүндө лабораторияда чогултулган маалыматтар кол салуучулардын колунда болушу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан