Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, инфекцияны жуктуруп алган ак халатчан Бишкек шаарында катталды.
Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 4 медкызматкер чыгарылды.
Республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдети медицина тармагынын жалпы 4 миң 204 кызматкеринен аныкталса, алардын ичинен 4 миң 172си сакайды.