Бири йога, бири бокс, бири фитнес... Сергек жашоо образын тандаган шоу-бизнестеги айымдар

Кийинки убакытта спортко ыктап, физикалык көнүгүүлөрдү жасагандардын саны арбып бара жатканы байкалууда. Аны менен катар эле адамдын жан дүйнөсүн, психикалык абалын тынчтандырган йогага басым жасагандар да бар. Ден соолукту чыңдоону, сергек жашоону тандангандардын арасынан шоу-бизнестеги айымдарды да кезиктирүүгө болот. Бул ирет дене мүчөсүнө, ден соолугуна кам көргөн ырчы, алып баруучу, актрисаларды топтодук.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова йога менен алектенет. Ал ден соолугу чың болуусу үчүн убакыт таап, залга барып турарын айтат.

Актриса, алып баруучу, ырчы Назира Бердигулова фитнес залга барып турат. Андан тышкары аптасына 3 ирет зумбага (бий машыгуусу) барат. "Эртең менен саат 8:00дө баламды бала бакчага жеткирип, саат 8:40та машыгууга барам. Саат 10:00гө чейин машыгып, андан кийин ишке жөнөйм. Эртең мененки көнүгүү, машыгуулар ден соолукка пайда", - дейт ал.

Ырчы Гүланда дагы сергек жашоо образын тандап, фитнес залга барып турат.

Залга баргандардын катарына актриса жана ырчы Асема дагы кирет. Ал дагы фитнес менен машыгат.

Ырчы Толгонай Арзыкеева физикалык көнүгүүлөрдү жасоону баштады. Тагыраагы, ырчы машыгуулар, сууда сүзүү жана йога менен алектенүүнү колго алды.

Телеалпаруучу, ырчы Айзада Жамгырчиева фитнес залга такай баргандардын бири. Ошондой эле аптасына эки ирет бокс менен машыгып келет.

Ал эми "Кыргызстан сулуусу-2020" сынагынын жеңүүчүсү Лазат Нуркожоева 3-классынан бери спорттун таэквандо түрү менен машыгып келет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Bakbai
2021-02-27 08:22:01
Йога мусульмандарга болбойт деп калат го ушул чынбы туугандар
0
dkrf
2021-02-27 10:45:31
Bakbai,Йога бул дин эмес. Йогада эч ким сыйынбайт жугунбойт. Йога спорт. Болгондр да эн пайдалуу. Йоганын аялдар үчүн пайдасы баа жеткис, ал денеңизди да, акылыңызды да машыктырууга, терс ойлор менен эмоцияларга каршы турууга мүмкүнчүлүк берет. Азаматсынар кыздар. Йога менен машыккыла. Жашоого болгон коз карашынарды озгорткуло.
+3
Erlan_95
2021-02-27 13:58:36
Bakbai, Йогада кайсы бир динге же Кудайларга сыйынууга болбойт. Бул философия, дин эмес эч кандай. Бирдекени жазаарда жок деле изилдеп жазгыла да, интернетте информация толтура го
0
dkrf
2021-02-27 10:48:30
Йога менен такай машыккан аялдар спорт менен машыгуудан баш тарткан курбуларына караганда бир топ сулуу жана сексуалдуу болуп калышат
+2
bekuluik
2021-02-27 11:44:06
Эн суулу биздин аялзаты...
0
Rusbayastan
2021-02-27 11:44:47
Самарада фигура деле корунбойт ко
+3
nazira...
2021-02-27 18:43:15
Асеманар кантет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан