Алыш белбоо күрөшү боюнча өлкө чемпиондугунда "Беш-Сары" спорттук клубу 6 медаль утуп жеңишке жетти

Бишкектеги Спорт сарайында Алыш белбоо күрөшүнүн эркин жана классикалык түрлөрү боюнча өлкө чемпиондугу өттү. Мелдеш аялдар жана эркектер арасында өтүп, бир нече күнгө созулганын "Беш сары" спорттук клубунан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, көптөгөн спортчулар катышкан мелдеште Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин “Беш-Сары” спорттук клубунун балбандары 6 медаль утуп командалар арасында биринчиликти жеңип алышкан. Белгилеп кетүүчү жагдай, аталган команданын куржунуна кошулган бул медалдардын төртөө алтын, бирөө күмүш жана дагы бир медаль коло.

"Мунун натыйжасында “Беш-Сары” спорттук клубунун балбандары Дүйнөлүк чемпионатка 4 жолдомо утушту", - деп айтылат маалыматта.

Алтын медаль уткандар:

1. 2001-жылы туулган Бекмамат Бейшенов (70 килограмм салмактагы балбандар арасында);

2. 1989-жылы туулган Нагира Сарбашева (76 килограмм салмактар арасында);

3. 1987-жылы туулган Акылбек Төрөбеков (100 килограмм салмактар арасында);

4. 1990-жылы туулган Келсинбеков Кадыр.

Күмүш медалды - 21 жаштагы Данияр Боронбаев 70 килограмм салмактар арасындагы балбандар менен күрөшүп жеңсе, коло медалга 20 жаштагы Ринат Кылычбек уулу ээ болду. Ал 60 килограмм салмактагы балбандар менен таймашты.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bekuluik
2021-02-27 20:21:04
Уялбай элего бул Чимкирик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан