Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри өлкөгө жумушчу сапары менен келди

Бүгүн, 27-февралда Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Кыргыз Республикасына жумушчу сапары менен келди.

Иш сапардын алкагында Өзбекстан Республикасынын тышкы саясий ведомствосунун башчысын Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кабыл алат жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Өзбек көп кырдуу стратегиялык өнөктөштүктүн учурдагы абалын жана келечегин талкуулашат, ошондой эле регионалдык жана эл аралык уюмдардын алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашылат.

Кыргыз Республикасынын президентинин Өзбекстан Республикасына жакынкы арада боло турган иш сапарын уюштурууга өзгөчө көңүл бурулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан