Бүгүн, 28-февралда Украинанын борбору Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү боюнча эл аралык турнирдин биринчи күндүк беттештеринин финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 17:30да старт алды.
Турнирге 62 килограмм салмакта катышкан Айсулуу Тыныбекова финалда жергиликтүү балбан кыз менен кез келди. Айсулуу Тыныбекова беттештин биринчи бөлүгүндө атаандашына далысы килемге таза басылып, утулуп кала жаздады.
Экинчи бөлүктө Айсулуу Тыныбекова керектүү болгон 4 упайлык ыкманы жасап, 9:7 эсебинде жергиликтүү балбанды жеңди.
Муну менен Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта алтын медалга ээ болду.