Токтогул шаарында Элмирбек Иманалиев атындагы китепкана ачылды

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиев атындагы китепкана ачылды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Нурсултан Жайлообай уулу билдирди.
"Китепкананын ачылышына Токтогул районунун акиминин орун басары, Маданият бөлүмүнүн башчысы китепкана жетекчилери жана шаар тургундары келип катышты. Ал жерде жаңы чыккан китептер коюлду. Шаар жашоочулары каалаган убактысында келип китеп окуп кеткенге мүмкүнчүлүк түзүлдү", - деди Нурсултан Жайлообай уулу.
Белгилей кетсек, китепкана "Адеп Башаты" Жалал-Абад коомдук прогрессивдүү фондунун демилгеси менен ачылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mirlan27011987
2021-03-01 11:04:11
Эн жакшы. Мамлекет жалпысынан "маданият" деп аталган пайдубалда курулат. Маданиятты которолу жанылайлы, жаны багыт алалык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан