Баткендеги базардан баасы 97 миң сомду түзгөн тамекини уурдоого шектүү кармалды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы базардан баасы 97 миң сомду түзгөн тамеки товарлары уурдалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарындагы "Таштемир-Ажы" борбордук базарындагы кампадан белгисиз жарандар 97 миң сом болгон тамеки товарларын уурдап кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "уурулук" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарында уурдалган товарларды өзүнүн унаасына салып алып, качып жүргөн жеринен Ноокат районунун 35 жаштагы А.А. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти Баткен ОИИБинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан