Өкмөт башчы Улукбек Марипов: "Тандоо элдин колунда"

Премьер-министр Улукбек Мариповдун төрагалыгында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана уюштуруу боюнча республикалык штабдын биринчи отуруму видеоконференция режиминде өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Премьер-министр өкмөт таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүү үчүн бардык чараларды көрүп жаткандыгын белгиледи.

"Биз республиканын ар бир жаранына өз оюн эркин билдирүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайбыз. Тандоо бир гана элде", - деп баса белгиледи Улукбек Марипов.

Жайындын жүрүшүндө Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы, республикалык штабдын тең төрагасы Нуржан Шайлдабекова маалымат берди.

Анын айтымында, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 420 айылдык кеңеште жана Кыргыз Республикасынын 28 шаарында өтөт.

Нуржан Шайлдабекова кошумчалагандай, биринчи жолу гендердик теңчилик боюнча мандаттарды карап чыгуу принциби сакталат.

Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында шайлоо участкаларындагы коопсуздукту камсыз кылуу жана эпидемиологиялык чараларды сактоо маселелерине өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгына токтолду.

Премьер-министр бардык шайлоо тилкелерин добуштарды эсептөө үчүн үкөктөрдү, алыскы райондорду интернет байланышы менен камсыз кылуу керектигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан