Ички иштер министрлигинин кызматкерлери чет элдик жаранды карактоого жана опузалап акча талап кылууга шектелген адамдарды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-февраль күнү Ички иштер органдарына чет мамлекеттин жаранына кол салуу болгондугу жөнүндө билдирүү келип түшкөн. ИИМдин тергөө кызматына Кытай Эл Республикасынын жараны бейтааныш адамга жана аны коштоп жүргөн бир нече белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Аталган факт “каракчылык” беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Маалым болгондой, ушул жылдын 19-февралында Чүй облусунун Кант шаарында өздөрүн уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү катары тааныштырган белгисиз 5-6 адам чет өлкөлүк жаранды ак түстөгү автоунаага күч менен салып, Кара-Балта шаарын көздөй алып кетишкен. Алар психологиялык таасир көрсөтүү максатында чет өлкөлүк жаранды талаага алып барып, көрүстөндүн жанында бычак менен коркутушуп, акча каражатын опузалап талап кылышкан.
Ошол эле учурда алар жабырлануучуга карата физикалык күч колдонуп, 5100 доллардан кем эмес акча каражатын талап кылышкан. Эртең менен аны шаарга алып келип, жабырлануучуда болгон 5000 сом акчаны алып, өздөрү белгисиз тарапка кетип калышкан. Мындан тышкары, шектүүлөр физикалык күч менен коркутушуп, дагы акча даярдоого буйрук беришкен. Опузалап акча талап кылган деп шектелгендердин арасында чет өлкөлүк жарандар дагы болгон. Андан кийин белгисиз адамдар мыйзамсыз аракеттерин улантып кайрадан 5000 долларын талап кылууну уланта башташкан.
22-февралда саат 20:30 чамасында талап кылып жаткан акча каражатынын бир бөлүгүн, тактап айтканда, 1000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаттарын алып жаткан жеринен Кытай Эл Республикасынын жарандары 1985-жылы туулган В.К. жана 1993-жылы туулган Ж.Р. кармалган.
Кармалган адамдар Бишкек шаарында убактылуу жашашат. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 24-февралда соттун чечими менен 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт чарасы тандалды. Учурда кылмышка катыштыгы бар башка шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.