Менин жерим: Жамал Сейдакматова жарык дүйнөгө келген, Кайрат Иманалиев атындагы китепканасы бар, карагат, картошканы чет өлкөгө экспорт кылган Ысык-Көлдүн Кашат айылы

Тектеш кабарлар: Менин жерим (54 материал)

"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Темир айыл өкмөтүнө караштуу Кашат айылы тууралуу сөз болот.

Айылдын көз жоосун алган жаратылышы, административдик мекемелери, айылдан чыккан чыгаан инсандар тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Чынара Токтосунова айтып берди.

- Административдик-географиялык жайгашуусу - облустун түндүк жагында жайгашкан. Батыштан Бостери айылы, чыгыштан Ананьево айылы менен чектешет. Жалпы калкынын саны - 4058. Айылдын жайгашканы 290 гектарды ээлейт.

Каалы Кудайбердиеванын атын алып жүргөн орто мектептин алдына анын эстелиги орнотулган. Бул демилгени ишке ашырууну К.Кудайбердиеванын туугандары каржылаган.

Каалы Кудайбердиева 1920-жылдардан 1950-жылга чейин айылда билим берүүгө, эл агартууга эмгеги сиңген инсан. Кашат айылындагы орто мектеп 1983-жылдан бери анын ысымын алып жүрөт. Каалы апанын демилгеси менен Кашат айылына: бала бакча, мектеп, эмкана, маданият үйү ачылган. Айылдын так ортосунда, жолдун боюнда ак мектеп орун алган. Ары-бери өткөндөр облус боюнча, бир эле аялдын ысымындагы мектеп, бул "Каалынын мектеби" деп, ал жөнүндө эскерип калышат.

Бир жарым миң окуучуга ылайыкташкан, түрлүү ийримдери бар мектепте 40 мугалим эмгектенет.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору. Учурда жети-сегиздей кызматкер иштейт.

"Жеткинчек" бала бакчасы 5-6 жылдан бери иш үстүндө.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, драматург, журналист айылдаш агабыз Иманалиев Кайрат Олжобаевич атындагы китепканабыз бар. Бул жакка улам-улам жаңы китептер, журналдар келип, айыл элин кубандырууда.

Маданият үйүбүз айылыбыздын чет жагында жайгашкан. Өкүнүчтүүсү, азыркы учурда кооптуу абалда, иштебейт.

Айылдагы мечит мамлекеттик стандартка жооп бербегендиктен бузуп, кайрадан башка салышты. Жакын арада ачылуу аземи болот.

Биздин айылдын эң сыймыктуу инсаны Жамал Сейдакматова. Кыргыз Республикасынын Эл артистинин 80 жылдык мааракеси мектебибизде белгиленген. Чоң атам Токтосундун айтуусу боюнча, Жамал апа экөө классташ экен. Мектепте окуп жүргөндөгү кездеринен эстегендерин айтып берип калчу.
Кашаттын көк бөрүсү. Көз жайнап, кан кайнап, аргымактар көбүк бүрккөндө... Биздин жигиттер көк бөрү талаасында көп жылдардан бери улак тартып, ойноп келишет.
"Дени сак улут, дени сак мамлекет". Айылдын жаштары өздөрүнүн ден соолугу үчүн бардык спорттун түрлөрү менен машыгышат.
"Карагай-Булак", "Көк-Булак", "Суу-Башы" деген жайлоолорубуз дагы бар. "Чоң-Ак-Суу" капчыгайынын жарымы биздин айылга караса, жарымы башка айыл өкмөткө карайт.

Айылыбыздын тургундары жаз мезгили менен мал-жандыктарын тоого жиберишет. Ал эми үйлөрүнө алып калган уйларын, бээлерин саап, сүт бышырып, айран уютуп, сүзмө куюп, кымыз, курут жасап өндүрүшөт.
Айылдын эң негизги киреше булагы болуп мал, мөмө-жемиш, жашылчаларды экспорттоо болуп эсептелинет. Жай мезгилинде карагат, малина, өрүктүн түрлөрү, бүлдүркөн болсо, күз мезгилинде кадимкидей береке кирип калат, бардыгы бышат, тоодон мал түшөт. Ал эми кышында картошка, дан азыктары, мал-жандыктар менен иштешет.
SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким, эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай-журтка жарыялоону сунуш кылабыз. Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 779 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nur777
2021-03-03 01:24:18
Жамал Сейдакматова торолгон касиеттуу жер экен...
0
karapayim
2021-03-03 03:53:17
Анан????
0
karapayim
2021-03-03 03:53:54
Эмнени айтайын дедин эле?
0
MIRBOLOT
2021-03-03 16:31:57
Негизи бир аз каталар бар экен. Чыгыш тарабынан Григорьевка айылы, Батыш тарабынан Темир айылы менен чектешет. Азыркы учурда Темир айылы менен кошулуп калгандыктан батыш тарабынан Корумду айылы менен чектешет десе да болот. Облус боюнча Туп районунда да Зина Мамбетсеитова атындагы Сары-Булак айылынын орто мектеби бар.
0
MIRBOLOT
2021-03-03 16:34:11
Кашат менен Темир айылдарынын алмасы абдан баалу, шириндигне соз жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан