Беларусь президенти Александр Лукашенко уулуна генерал чинин ыйгарды

Беларусь президенти Александр Лукашенко уулу Виктор Лукашенкого генерал-майор чинин ыйгарды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы 1-мартта кол койду. Мындай аскердик наамдарды президенттин уулунан башка дагы бир нече аскер адамдары алган.

"Виктор Лукашенконун генерал-майорго чейинки майор, подполковник, полковник наамдарын качан алганы белгисиз. Ал 2001-жылы гана аскердик кызматын аяктаган, 20 жылдын ичинде кандай негизде президенттин уулу генералдык наамга чейин жеткендиги белгисиз", - деп жазылат маалыматта.

Виктор Лукашенко ушул жылдын 26-февралында Беларустун Улуттук олимпиада комитетинин төрагасы болуп дайындалган. Ага чейин аталган мекемени атасы Александр Лукашенко жетектеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан