Франциянын мурдагы президенти 3 жылга эркинен ажыратылды

Коррупция беренеси менен айыпталып жаткан Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози 3 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.

Белгилүү болгондой, Париж сотунун чечимине ылайык, Саркози 3 жылдын 1 жылын түрмөдө өткөрсө, 2 жыл шарттуу жаза мөөнөтүн өтөйт. Мурдагы президент менен биргеликте айыпталган анын жактоочусу Тьерри Эрзог менен экс-судья Жильбер Азиберге да дал ушундай жаза мөөнөтү белгиленген.

Айыптоочулардын пикиринде, Саркози 2007-жылы өзүнүн шайлоо компаниясын каржылоо максатында Лилиан Беттанкур аттуу аялдан 150 миң евро алган. Франциянын мыйзамына ылайык, талапкерлер колдоочуларынан 4 миң 600 евродон ашык каражат алганга болбойт.

Саркози 2007-2012-жылдар аралыгында Францияны башкарып турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulina90
2021-03-02 07:50:40
Апей ботом бизде деле шайлоодо акча чачышатко аны кимден алганын айтышпайт.
+1
Rusbayastan
2021-03-02 11:21:08
Мынаке чындык
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан