Армениянын премьер-министри Никол Пашинян митингде эл алдына чыгып кечирим сурады

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян тарапкерлеринин митингинде элден кечирим сурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Пашинян бийликте турган кезинде, Армениянын көз карандысыз тарыхынын мурунку 30 жылындагыдай эле "бардык каталар" кетирилген. "Бул биздин өкмөт жөнүндө, жеке мен жөнүндө" деди Пашинян Еревандын борборуна чогулган адамдарга чыкканда.

Пашинян Армениянын жарандарынан, диаспораларынан жана таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасынын тургундарынан кечирим сурады. Премьер-министрдин айтымында, жаңылыштыктарга элдин сүйүүсү себеп болгон. Мамлекеттин көйгөйлөрүн идеалдуу чечүү жолдорун издөө кээде кечеңдеп, бийликтин аракетсиздигине алып келген.

1-мартта Ереванда Пашиняндын тарапкерлеринин Республика аянтындагы митинги жана өкмөт үйүнүн алдындагы Баграмян проспектисиндеги оппоненттеринин митинги бир эле учурда өткөрүлдү.

Арменияда Тоолуу Карабахта армяндар согушта жеңилгенден кийин башталган саясий кризис 25-февралда жаңы күч менен тутанды. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Никол Пашинянды кызматтан кетирүү талабын койду. Премьер-министр өз кезегинде Башкы штабдын башчысы Оник Гаспаряндын кызматтан кетишин талап кылган, бирок Армениянын президенти Армен Саркисян ага кол коюудан баш тартып, чатакташкан тараптарды сүйлөшүүгө чакырган.

Пашинян дагы деле болсо өз максатына жетүүгө ниеттенип жаткандыгын айтты. Коопсуздук Кеңеши президентти Гаспарянды кызматтан кетирүүгө чакырды. Ошондой эле президент менен премьер-министр кырдаалды көзмө-көз талкуулашты, бирок жолугушуунун чоо-жайы ММКларда жарыяланган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан