Баткен облусунун аймагында тоноочулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-март күнү 29 жаштагы М.И. аттуу тургун арыз менен кайрылган. Анда ал Ош облусунун Алай районунан Кызыл-Кыя шаарындагы унаа базарына келгенде, ага бейтааныш жашы болжол менен 35-40 чамасындагы жаран күч колдонуп, баасы 10 миң 500 сомдук телефонун жана 500 сом акчасын тартып алган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене "тоноочулук" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкери тарабынан аталган кылмышка шектелип, Ош облусунун Ноокат районунун мурда соттолгон 37 жаштагы Б.Ж. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.