"Кумтөр" алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү

1-мартта “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиясынын жыйыны өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеӊештин депутаты Акылбек Жапаровдун айтымында, апта аралыгында комиссия мүчөлөрү буга чейинки түзүлгөн комиссиялардын тыянактарын, Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн токтомдорунун аткарылышын кылдат талдап чыгышмакчы.

Ал эми келерки аптада “Кумтөр” кенинен канча алтын казылганы, бюджетке канча каражат түшкөнү, мыйзам бузууларга байланыштуу канча кылмыш иши козголгону тууралуу өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри менен башкы прокурордун орун басарынын маалыматы угулат.

Жогорку Кеӊеш 17-февралда “Кумтөр” алтын кенинин ишин текшерүү боюнча комиссия түзүп, анын төрагалыгына депутат Акылбек Жапаров шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан