2-мартта Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясынын борбору Желалабадда "Enikass" телеканалынын үч кызматкери өлтүрүлдү. Бул тууралуу аталган телеканалдын жетекчиси Салмай Латифиге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, белгисиз адам жергиликтүү базарда журналисттерге ок чыгарган.
Бир нече жыл мурун согушкерлер тарабынан уурдалып, дээрлик беш ай бою туткунда жүргөн Латифи телеканалдын журналисттери экстремисттер иш алып барган Нангархар провинциясында ишин улантып жаткандыгын белгиледи.
БУУнун Ооганстандагы миссиясы өлтүрүүнү айыптады. 2020-жылы декабрда ушул эле провинцияда "Enikass" телеканалынын журналисти жана анын айдоочусу өлтүрүлгөн. Маалым болгондой, 2020-жылы Ооганстанда жети журналист өлтүрүлүп, коркутуу жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө карата зомбулук окуялары өткөн жылга салыштырмалуу 26% көбөйүп, 132ге жеткен.