Картошканы сатып алууда химиялык кошулмалар жок экенин кантип билсе болот? Агроном менен маек

Тамак-ашка көп колдонулган жашылчалардын арасында картошка көрүнүктүү орунда турат десек жаңылышпайбыз. Себеби картошкасыз тамакты элестетүү кыйын. Айыл жергесинде ар бир үйдүн короосунда бул жашылча өстүрүлөт. Бирок көпчүлүк картошканын илдети бар экенин, керек болсо ал түрлөргө дагы бөлүнөрүн биле беришпесе керек. Картошканын илдеттери, ага каршы туура кам көрүү боюнча SUPER.KG порталына агроном Азамат Касеев айтып берип, тажрыйбалары менен бөлүшүп өттү.

- Саламатсызбы? Кайсы айдан баштап картошка айдоо иштерин баштаса болот?

- Картошканы айдоо өлкөнүн ар кайсы аймагында ар түрдүү убакта башталат. Мисалы, Араванда февраль айында, Чүйдө март, Ысык-Көлдө май айынын башында айдалат. Топурак 12 градус жылуу болгондо, атап айтканда, өрүк гүлдөгөн мезгилде баштаса болот.

- Түшүмдү мол алуу үчүн кайсы сорттогу картошка сунушталат?

- Картошка техникалык жана ашкана картошкасы болуп экиге бөлүнөт. Ашкана картошкасы - кадимки биз тамак-ашка колдонуп жаткан картошкалар. Анын бир нече түрлөрү бар. Чипсиге, пюре, суюк тамакка кошконго, кууруганга өзүнчө болуп бөлүнөт. Азыр бизде картошка сатуу жакшы тартипке коюлган эмес да. Базарга барсаң баары эле бирдей картошка. Үйгө алып барып шорпо жасасаң эзилип кетет. Ал пюре картошкасы болот. Кээ бири тескерисинче пюре кылам деп алганы катуу бойдон бышпай тура берет. Ошондуктан базарда дагы картошка сатууну тартипке келтирсе жакшы болмок деп ойлойм. Базарга барып, мага шорпого же кууруганга картошка керек десе дароо ала тургандай. Ошол даражага качан жетебиз билбейм, бирок супер маркеттерде бөлүп сатууга аракет кылып жатышат. Чет өлкөдө ушундай таризде сатылат. Бизде дагы ушундай болсо жакшы болмок.

Техникалык - крахмалды иштеткен картошка.

Мындан тышкары эрте, орто, кеч бышкан картошка деп дагы бөлүнөт.

- Пюре үчүн, шорпо үчүн картошка экенин кантип ажырата алабыз?

- Муну дыйкан гана билбесе башкалар биле албайт. Дыйкан картошка өстүргөндө анын мүнөздөмөсү болот. Бизде сатып алган ортомчулар анысына карабай эле бүт жыйнап кетип, базарга баарын өткөрүп салышат да. Бул жерде башаламандык болуп калат. Картошка бөлүп алып кетүү сатып алуучулар үчүн дагы ыңгайсыз болуп калат. Мындай ар бирин бөлүп сатуу келечекте болчу иштер деп ойлойм.

- Айылда көпчүлүк картошка тигип жатканда кичинекей болсо ошол бойдон, чоң болсо эки-үчкө бөлүп тигип коюшат. Бул туура элеби?

- Эгер картошканын үрөнү чоң болсо кесип тиксе болот. Бирок эрежеге ылайык гана. Бычак менен картошканы кесип жатканда ар бир кесимден кийин бычакты маргонцовкага малып, тазалып туруу кажет. Ал бактериялардан, вирустардан коргоо максатын көздөйт. Үрөндүн ичинде "оорулуу" картошка болсо башка таза картошкага илдети жугуп калбашы үчүн. Картошканын баш-аягы болот. Баш жагында бүчүрлөр болот. Ошол башынан ылдый көздөй кесүү керек. Кээ бир картошкалардын капталдарында дагы бүчүрлөр болсо анда аларды экиден-үчтөн бүчүр калтырып кессе болот.

Эгер туура эмес кесилип калса, убара болуп калуу ыктымалдыгы бар. Колдон келсе бөлбөй тиккен жакшы.

- Картошканы кандай топуракта өстүрүү керек жана кандай жер семирткичтер керектелет?

- Семиз, жакшы гумустуу топуракта картошка жакшы өсөт. Ал үчүн 20-30 тонна чириген кык берип, анан жер семирткичтерди топурактын анализине жараша алуу зарыл.

Биз көп эле жерлерди кыдырып жүрөбүз. Чоң Алай жакта 1 гектар жерге 1 тонна салып коёбуз дешет. Бул туура эмес да. Айыл чарбада түшүмдү пландаштыруу деген бар. Ошол түшүмдү пландаштырууда топурактын анализинин негизинде гектарына 40 тонна же 50 тонна түшүм алам деген максат коюу керек. Ошого жараша жер семирткичтер эсептелип берилет. Негизи өсүмдүккө эң керек болгон азыктар азот, фосфор, калий жана микроэлементтер керектелет. Азот, фосфор, калийди топуракка беребиз, ал эми микроэлементтерди жалбырак аркылуу чачып турабыз.

Эрте жазда жер айдоо менен же күзүндө фосфор жер семирткичтерин берүү керек. Жер семирткичтер дагы жөнөкөй жана татаал болуп экиге бөлүнөт. Жөнөкөй жер-семирткич бир элементтен турат. Татаалдары эки-үч элементтен турат. Жөнөкөйлөргө суперфосфат кирет, татаалга нитрофоска, диаммофоска дегендер кирет. Алар үч (азот, калий, фосфор) элементти кармайт. Ал эми микроэлементтерди өсүмдүккө аябай көп өлчөмдө берилбейт. Бул жалбырак аркылуу эле берилет.

- Картошка эгүүнүн кандай жол-жоболору бар?

- Биринчи жакшы топуракка айдоо керек. Картошканы сөзсүз которуштуруп айдоо зарыл. Эгер жыл сайын эле бир жерге айдай берсе анда түшүмдүүлүк азайып, сапаты дагы кетет. Картошка көп айдалган жерге илдет жана зыянкечтер дагы көбөйө берет. Ошол себептен беде айдалгандан кийин буудай, андан 1-2 жылдан соң картошка, кайра буудай, арпа айдап, жерди 3-4 жыл эс алдыруу керек. Ушундай иретти дайыма сактап туруу керек. Биздин дыйкандардын кээ бирлери бул эрежелерди сактаса, кай бири сактабайт. Картошка жөөк кылып айдалат.

- Картошканы канча убакытта сугаруу керек?

- Өсүмдүктун сууга болгон талабына жараша сугарылат. Сугаруу иштери ар кайсы аймакта ар түрдүү ишке ашырылат. Алсак, түштүктө 10-12 жолу сугаруу иштерин жүргүзүлсө, Чүйдө аябай ысык болгондо 10-12 жолу, Нарында 4-5 жолу сугарылат.

- Картошкага зыяндуу курт-кумурскаларды кантип жолотпой койсо болот?

- Бул жерде жогоруда айтылгандай эле жер которуп айдоо эрежесин сактоо керек. Анан зыяндуу курт-кумурскалар менен күрөшүүдө биологиялык, агротехникалык жана химиялык методдор бар. Ошол методдор пайдаланылат. Биологиялык болгондо энтомофактор деп коёт. Пайдалуу курт-кумурскаларды коё берүү жолдору менен тазалоо. Химиялык метод - химиялык элементтер менен дарылоо. Механикалык методдо - кетмен-күрөк кол менен зыяндуу курт-кумурскаларды терүү.

Азыркы учурда зыяндуу курт-кумурскаларга зым курт, "совка" бар. Булар картошканын түбүн жейт. Ал эми жалбырагын жегендерге колорадо коңузу (колорадский жук) кирет. Былтыртадан бери сызыктуу доңуз (полосотый жук) зыяндуу курт-кумурскалар пайда боло баштады.

Картошканын илдеттери дагы үчкө бөлүнөт.

  • козу карын илдеттери;
  • бактерия илдеттер;
  • вирустук илдеттер.

Козу карын илдеттерин дарылоодо жогоруда айтып кеткен үч методду колдонобуз. Андан тышкары картошканы отургузууда таза үрөн айдоо абзел. Картошка кургак болуп, бүрүшүп калган болсо козу карын илдети бар деп билсек болот.

Бактерия илдеттери - буларды бактериялар козгогон илдеттер. Мында жер которуштуруп айдоо, таза үрөн талап кылынат. Эгерде картошка сууланып, сасык жыт болуп, былжырап кетсе бактерия илдети бар десек болот.

Вирустук илдет картошкага жармашса, түшүмдүүлүктү 70-90 пайызга чейин төмөндөтөт. Ошондуктан алдын алуу иш-чараларын жасоо максатка ылайык. Бул илдет картошкага чөп бити сыяктуу зыяндуу курт-кумурскалардан жугат. Бул айыкпаган илдет. Аталган илдетти жер алдынан көрө албайбыз. Эгер өсүп жатканда жалбырактары бүрүшүп калса, демек, вирустук илдет деп билсек болот.

- Картошканы сатып алып жатканда химиялык кошулмалары жок өстүрүлгөнүн кантип билсе болот?

- Муну бизде эч ким биле албайт. Лабораториялар дагы жок. Чет мамлекеттерде дыйкандар экспресс-тести пайдаланат. 10 пайызга чукул адам эле химиялык жолду пайдаланбайт. Калганы баары эле химиялык жол менен өстүрүлөт. Органикалык картошкалар кымбат болушу керек. Бизде андай эмес. Башка чет өлкөлөрдө бизге салыштырмалуу 5-10 эсе кымбат болот. Бизде азыр мындай мүмкүнчүлүктөр жок. Ага жете элекпиз. Ал үчүн мамлекеттик деңгээлде иш-чаралар аткарылып, органикалык же химиялык жол менен өстүрүлгөнүн лабораторияларда аныктап, сертификат берүү зарыл.

Азамат Касеев 1 гектар жерден 55 тонна түшүм алган жылдар болгонун айтып өттү. "Ар жылы ар кандай 35тен 55 тоннага чейин түшүм алып келем" деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан