Жалал-Абад шаарындагы мектеп окуучуларынын арасында өткөн предметтик олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылып, 60 окуучу байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардык этаптагы олимпиадага 465 окуучу катышып, 60 окуучу байгелүү орундарга (1-2-3-орун) жетишти. Анын ичинен 34 окуучу олимпиаданын облустук туруна жолдомо алды.
"Бүгүн ийгилик жараткан окуучуларды сыйлоо иш-чарасы өтүп, жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылды.
Ал эми олимпиаданын жыйынтыгы боюнча жеңишке жеткен окуучулардын басымдуусу Курманбек баатыр атындагы балдар лицейинде муниципалдык мектептердин арасынан №14 С.Давлетов атындагы инновациялык мектеп-лицейинде окушат", - дешти мекемеден.