Ош шаарында "Ала-Тоо" кафеси толук күйүп кетти

Ош шаарындагы "Ала-Тоо" кафеси толук күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 4-март күнү саат 03:38 чамасында Масалиев көчөсүнүн №16Б дарегинде жайгашкан “Ала-Тоо” кафесинен өрт чыккан. Жабыркагандар жана каза болгондор жок.
Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм, Ош шаардык куткаруу кызматынан 2 бөлүм, ИИМден 2 бригада, "Тез жардам" кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тартылган.
Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 04:13тө чектөөгө алынып, саат 06:15те толук өчүрүлгөн. Өрттүн аянты болжол менен 1541 чарчы метрди түзгөн.
Өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан