Дүйнөдө коронавирустан улам 168 миллиондон ашык бала билим ала албай жатат

COVID-19 пандемиясына байланыштуу дүйнө жүзү боюнча ар бир 7 баланын бири, башкача айтканда 214 миллион окуучу бетме-бет билим алуу мүмкүнчүлүгүнүн төрттөн үч бөлүгүн колдон чыгарды. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун Балдар фондусу (ЮНИСЕФ) жарыялаган билдирүүдө айтылат.

COVID-19 пандемиясынын балдардын билимине кандай таасир тийгизгендиги жөнүндөгү билдирүүгө ылайык, ар бир 7 бала, башкача айтканда 214 миллион бала реалдуу окутуунун төрттөн үч бөлүгүнө катыша алган эмес. Ал эми 168 миллиондон ашуун бала бир жылдан бери мектепке бара элек, онлайн да окушкан эмес. Айрым өлкөлөрдө дагы деле мектептер ачыла элек.

2020-жылдын март айынан 2021-жылдын февралына чейин 14 мамлекетте мектептер жабык бойдон калган. Бул өлкөлөрдөгү 98 миллион мектеп жашындагы балдар билим берүүдөн артта калган. ЮНИСЕФ 168 миллион баланын символу катары 168 бош парта жана мектеп сумкаларын БУУнун башкы кеңсесинин жанына алып барып койду. Муну менен алар эпидемиянын айынан билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган балдарга көңүл буруу керектигин айткысы келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан