Депутат Икрамов: "Азык-түлүктөр кымбаттап, эл коңгуроо кагып жатат"

Депутат Тазабек Икрамов күйүүчү майлардын, азык-түлүктөрдүн бааларынын көтөрүлүшү боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Күндөн-күнгө күйүүчү майлардын баасы кымбаттап жатат. Дүйнө жүзүндө нефти арзандап жатат. Жазгы-талаа иштери башталды. Биз дыйкандарга кандай жардам беребиз? Өкмөттө эч кандай кыймыл да жок. Кымбат 11 мамлекеттердин катарына кирдик. Бул маселени качан чечесиздер?

Мындан тышкары азык-түлүктөр кымбаттап, эл коңгуроо кагып жатат. Өкмөт эмне кылып жатасыздар? Маселе качан чечилет?", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан