Депутат Тынчтыкбек Конушбаев пандемияга байланыштуу Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу солгундаганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Пандемияга байланыштуу аталган жолдун курулушу да солгундады. Бирок эл кыйналып кетти. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган кан жолдун ушул тилкесинен каттагандар арбын. Ошондуктан ушул жолду да тездетип бүткөрүү зарыл", - деди депутат.