Ноокен райондук прокуратурасы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу иш-чарасын өткөрдү

Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук прокуратурасы ата-энелер кеңешинин төрагаларынын, аксакалдар сотторунун жана социалдык коргоо кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук прокуратурасынан маалымдалды.

Маалыматка ылайык, иш-чара 2-март күнү Башкы прокуратуранын жана облустук прокуратуранын коллегияларынын чечимдерин ишке ашыруу максатында Ноокен районунун аймагында үй-бүлөлүк зордук- зомбулуктун алдын алуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун коргоо боюнча өткөн.

Аталган иш-чаранын алкагында, жыйындын катышуучулары тарабынан азыркы күндө актуалдуу болуп жаткан үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча суроолор талкууланып, алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүп туруу жагы талкууланды.

Жыйындын катышуучулары жолугушууну уюштурган Ноокен райондук прокуратурасына ыраазычылыктарын билдиришип, мындан ары дагы ушундай иш-чараларды өткөрүп туруу сунушун киргизишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан