Депутат Военно-Антоновка айылындагы мектептин курулушу 5 жылдан бери бүтпөй жатканын айтты

Депутат Тынчтыкбек Конушбаев Военно-Антоновка айылындагы мектептин курулушу 5 жылдан бери бүтпөй жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Акча бөлүнгөн, бирок эмнегедир иш жүрбөйт. Окуучулар жакынкы мектептерге барып окушат. Ал жакта шарт-жагдай начар. Мугалимдер окуучулардын көптүгүнөн татыктуу билим бере албай жатышат. Андыктан, өкмөт окуу толук башталганча курулуп жаткан мектепти бүткөрүшү абзел", - деди Тынчтыкбек Конушбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан